13:04, 12 октября 2023, 24.kg

Италиядагы көргөзмөдө Кыргызстандын боз үй түрүндө жасалган павильону ачылды

Боз үйдүн стилинде жасалган улуттук павильон Италияда TTG Travel Experience 2023 эл аралык туризм көргөзмөсүндө ачылды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти.

" TTG Travel Experience эң биринчи кезекте бизнесмендерге багытталган. Жыл сайын жүздөгөн турфирмалар, авиакомпаниялар жана башка туризм тармагындагы кызмат көрсөтүүчүлөр ийгиликтери менен бөлүшүү жана жаңы кардарларды табуу үчүн бул жерге чогулушат«, — деп белгилешти фонддон.

Кыргызстан Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана жети туристтик компаниянын атынан катышып жатат.

Photo 310496

«Улуттук павильон боз үй түрүндо жасалып, өткөн аптада Париждеги IFTM Top Reza көргөзмөсүндө коюлду. Аны чачып, Италияга алып келишкен. Бул практика улуттук стендди курууда кыйла үнөмдөөгө мүмкүндүк берди», — деп кошумчалашты фонддон.

Бизнес жаатындагы күн тартибинен тышкары, чет элдик ишкерлер үчүн фонддун кызматкерлери өткөрө турган семинарлар жана презентациялар пландаштырылган. Алар Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришет.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18