11:38, 12 октября 2023, 24.kg

Депутат бийик тоолуу аймактарда жашагандарга жөлөкпул берүүнү сунуштоодо

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева бийик тоолуу, чек арага жакын аймактарда жашаган, өзгөчө макамы бар, үч жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө айына 5 миң сомдон берип турууну сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.

Депутат «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат.

Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, документ кабыл алынган учурда жөлөкпул үй-бүлөнүн социалдык жана экономикалык абалына карабастан төлөнөт.

Бийик тоолуу аймактарда жашоо шарты ыңгайсыз, бул айыл чарбасына дагы таасирин тийгизүүдө. Бул бийик тоолуу айылдардын экономикалык кирешелерин төмөндөтүп, натыйжада жакырчылыктын деңгээлинин жогорулашына алып келет.

Камила Талиева ай сайын берилүүчү жөлөкпул бул көйгөйлүү маселелерди чечүүгө багытталган механизм, төлөмдөр бийик тоолуу райондордо жашаган үй-бүлөлөрдүн жашоо деңгээлин бираз жогорулатат деген ишенимде.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18