10:49, 12 октября 2023, 24.kg

ТИМ: Израилден чыгып кетүүнү каалаган кыргыз жарандарынын саны көбөйдү

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Израилден чыгып кетүүнү каалаган кыргыз жарандарынын саны көбөйдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 20 кыргызстандык өлкөдөн чыгып кетүүнү пландап жатат. Аларды аталган өлкөдөн сыртка алып чыгуу мүмкүнчүлүгү иштелип жатат. Мекеменин маалыматы боюнча, Израилде Кыргызстандын 65 жараны бар.

Ишеним телефондору (күнү-түнү):

  • +90 5456896800 (элчилик);
  • +972 533214916 (Кыргызстандын Израилдеги ардактуу консулунун кеңсеси).

Израиль-Палестина жаңжалынын кезектеги курчушу 7-октябрда болду. Хамастын согушкерлери Израилдин шаарларына массалык ракеталык сокку уруп, анын аймагына басып киришти. Тель-Авив согуш жарыялады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18