12:31, 11 октября 2023, 24.kg

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1969-жылы туулган П.О.В аттуу жаран кармалды. Тинтүү учурунда анын үйүнөн жана иш бөлмөсүнөн ок атуучу куралдын патрондору, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандаган документтер (паспорттор, дипломдор жана башкалар) табылган.

«Тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча П.О.В. УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Мындан тышкары, анын фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүү дайындалды», — деп билдиришти УКМКдан.

Уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Эске салсак, 4-октябрда Бишкекте атайын операциянын жүрүшүндө Камчы Көлбаев жок кылынган. УКМКнын басма сөз борбору уюшкан топтун лидерин кармоо жүргүзүлүп, куралдуу каршылык көрсөткөндөн кийин өлтүрүлгөнүн билдирген.

Ушундан кийин социалдык тармактарда кримавторитеттер Улан Токтосунов (Сакал), Кадырбек Досонов (Дженго), Улан Барчакеев (Узун Улан), Бактыбек Аманкулов жана Алмазбек Эрмекбаевдин криминалдык макамдан баш тартып, мындан ары Кыргызстандын мыйзамдарын сактоого убада берген видео кайрылуулары пайда боло баштады.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18