14:29, 10 октября 2023, 24.kg

Израилде согуштук аракеттерден 600, Палестинада 300дөн ашык киши набыт болду

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси өлкөдө согуштук абал жарыяланганын билдирди.

Ушул тапта Израилдин аскерлери ХАМАСтын жоочулары менен өлкөнүн түштүгүндө кармашып жатат. Бир нече израилдик маалымат каражаттары ХАМАСтын Израилге кол салуусунан дээрлик 600 киши каза болгонун жазды. 2000 киши жараат алганы айтылууда.Палестина автономиясынын бийлиги Газа секторунда 300дөн ашуун киши каза болгонун билдирди. Бирок алардын канчоо жай тургун жана жоочулар экени белгисиз.

ХАМАСтын жоочулары аялдар, балдар жана карыларды барымтага алып, Израил кармап турган миңдеген палестиналык туткундарга алмаштырууга аракет кылары кабарланууда.

ХАМАСтын жоочулары бутага алган объектилердин бири Газа сектору менен чектеш тилкеге жакын жердеги Негев чөлүндө өткөн Nova Festival музыкалык фестивалы болду. Ишемби күнү ал жерде израилдик жаштардан 2 миңдей адам чогулган.

Чабуул учурунда фестивалдын көптөгөн коноктору өлтүрүлүп, калгандары барымтага алынган жана Газа секторуна жеткирилген. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана бир катар мамлекет ХАМАСтын чабуулун айыптаган билдирүү жасашты.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18