Кыргыз-тажик чек арасынын 43,32 чакырымы макулдашылды
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча топографиялык топтору чек ара тилкесинин 43,32 чакырымын макулдашышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
«Тараптар калган тилкелер боюнча ишти Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда улантышат. Жолугушуунун жыйынтыгында тийиштүү протоколго кол коюлду. Жыйын достук жана өз ара түшүнүү маанайында өттү», — деп айтылды маалыматта.
Кыргыз-тажик чек арасы жалпысынан 972 чакырым. Чек араны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин былтыр эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.