09:59, 09 октября 2023, 24.kg

Кыргызстан 2022-2023-жылдары эл аралык уюмдардан 4,2 миллиард доллар алган

Кыргызстан 2022-2023-жылдары эл аралык уюмдардан 4,2 миллиард доллар алган. Бул тууралуу «Геостатистика» Telegram каналы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-2023-жылдары эл аралык уюмдар постсоветтик аймактарда гуманитардык кооперация жана өнүгүүгө көмөктөшүү программаларын жана долбоорлорун каржылоо көрсөткүчү боюнча АКШдан кийинки экинчи орунда турат.

Photo 310084

Бул жолу негизги алуучулар Украина, Өзбекстан, Кыргызстан, Молдова жана Казакстан болгон.

Долбоорлордун саны жана каржылоонун көлөмү боюнча Дүйнөлүк банктын тобу, анын ичинде Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банкы эң ири демөөрүлөр болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18