09:27, 09 октября 2023, 24.kg

Азия оюндарынын жыйынтыгы: Кыргызстан командалык эсепте 18-орунду ээледи

Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия оюндары жыйынтыкталды. Медалдык эсепте Кыргызстандын командасы 18-орунду ээледи.

Биздин өлкөнүн атынан 23 спорттун түрү боюнча 162 спортчу катышты.

Жалпысынан Кыргызстандын улуттук курама командасынын капчыгында 15 медаль бар — төрт алтын, эки күмүш жана тогуз коло байге.

Бул Азиада кыргызстандык спортчулар үчүн ийгиликтүү болду. Кыргызстандык дзюдочу тарыхта биринчи жолу Азия оюндарынын финалына чыкты. Жыйынтыгында Эрлан Шаров алтын медаль тагынды.

Ошондой эле Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Айпери Медет кызы алтын байгеге ээ болушту.

Ошондой эле Кыргызстан Кытайда өткөн Азия оюндарында алтын медалдар боюнча жаңы рекорд койду. Буга чейинки рекорд 2018-жылы өткөн Азия оюндарында болгон. Анда Төрөхан Багынбай уулу (жиу-житсу), Дарья Маслова (жеңил атлетика) жана Айсулуу Тыныбекова (күрөш) алтын медаль алышкан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18