12:19, 04 октября 2023, 24.kg

Владимир Путин Кыргызстанга 12-октябрда келмей болду

Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Россия президенти Владимир Путиндин өлкөгө расмий сапары болот. Бул туурасында президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Алдыдагы сапардын алкагында мамлекет башчысы менен президент Владимир Путиндин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечек пландарын талкуулашат. Мындан тышкары, мамлекет башчыларынын Кант шаарында ЖККУ Авиациялык базасынын ачылышынын 20 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышуусу пландаштырылууда», — деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.

Эске салсак, буга чейин Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келет деп, Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сапар тууралуу маалыматты ырастаган эле.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18