16:22, 03 октября 2023, 24.kg

Бишкекте шаурмадан жапырт уулангандардын саны 70тен ашты

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө шаурмага уулангандардын саны 71 адам болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, ооруканага 36 адам жаткырылды, алардын арасында 10 жаштан 14 жашка чейинки беш бала бар. Алардын абалы канааттандыралык.

Саламаттыгы жакшыра баштагандар үйлөрүнө амбулатордук дарылоого чыгарылат.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкекте тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүнүн баарын текшерүүнү тапшырган.

Буга чейин Шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жапырт уулануу Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларында болгонун кабарлаган. Бул жайларга 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин жабылган.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18