13:52, 03 октября 2023, 24.kg

Бишкекте ири айыл-чарба көргөзмөлөрү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт

20-22-октябрь күндөрү Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы эски аянтчада «АгроТехЭкспо-2023», «Органикэкспо-2023» айыл-чарба көргөзмөлөрү жана «Алтын күз» жарманкеси өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында айыл чарба департаментинин директору Кожогулов Нурлан Жамалдинович билдирди.

Анын айтымында, көргөзмө 5 миң чарчы метр аянтта болуп, ага 15 миңден ашуун адам катышуусу күтүлүүдө. Анда заманбап технологиянын үлгүлөрү, кайра иштетүүчү жабдуулар, жаңы үрөндөр, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, органикалык продукциялар көрсөтүлөт.

Бул иш-чарага 100гө жакын айыл-чарба өкүлдөрү катышып, пайдалуу кеңештер айтылат дейт айыл чарба департаментинин директорунун орун басары Улан Чекиров.

Жарманке-көргөзмөсү 3 күн бою уланып ар кандай оюн, сынактар, мастер-класстар уюштурулат жана органикалык айыл чарба азык-түлүгүнүн бардык түрлөрү арзан баада сатылат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18