12:01, 02 октября 2023, 24.kg

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 43кө жетти

Бишкекте тез татым түйүндөрүндө шаурмага уулангандардын саны 43кө жетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 43 адам кайрылып, 23ү ооруканага жаткырылган, экөөсү балдар. Алардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.

Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жыйырма адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Эске салсак, Бишкекте Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым түйүндөрүндө массалык уулануу катталган.

Тез татым түйүндөрүнө аныкталган эреже бузуулар үчүн 72 миң сом айып пул салынып, алар жоюлганга чейин жабылган.

Саламаттык сактоо министрлиги 24.kg агенттигине фастфуд түйүндөрү жайгашкан бардык жерлерде пландан тышкары текшерүүлөр жүргүзүлөрүн билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18