10:08, 02 октября 2023, 24.kg

Мурунку күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган келин видео кайрылуу жасады

Мурунку күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылып, кулак-мурду кесилген 36 жаштагы Асел Ногойбаева видео кайрылуу жасады. Ролик Instagram социалдык тармагына жүктөлгөн.

«Кыргызстанга келген күндөн баштап бул зөөкүр менин жанымды бир күн дагы койгон жок. Менин кайрылбаган жерим калган жок. Канча арыз жаздым, канча жолу укук коргоочу органдарына кайрылдым. Менин укугум корголгон жок, менин үнүм эч кимге жеткен жок», — деди Асел Ногойбаева.

Эске салсак, 20-сентябрда Асел Ногойбаева бычакталып ооруканага түшкөн. Мурунку күйөөсү Азамат Эстебесов келиндин кулагын жана мурдун кесип салган. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча катталган. Кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча 39 жаштагы жаран кармалган. Тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18