17:21, 28 сентября 2023, 24.kg

Ысык-Көлдө жоголгон 11 жашар бала Бишкектен табылды

Ысык-Көлдө жоголгон 11 жаштагы Бекболот Турдушев Бишкектен табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Буга чейин милицияга баланын атасы кайрылган. Ал Бекболот 25-сентябрда болжол менен саат 15:00дө Түп шаарынан Караколдогу достору менен жолугуу үчүн кеткенин, ошондон бери байланышка чыкпаганын билдирген.

Photo 309273

Бүгүн милиция кызматкерлери мектеп окуучусун борбордон табышты. Ал достору менен ошол эле күнү Бишкекке чыгып, алар менен жүргөнү белгилүү болду. Баланын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок. Милиционерлер окуянын себептерин жана жагдайларын аныктап жатышат.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Түп районунундагы Балбай айылынын кичинекей тургуну Бекболот Турдушев 2021-жылдын февраль айында президентке видео кайрылуу жасаган. Ал мамлекет башчысынан өз айылына мектеп куруп берүүсүн суранган. Кийинчерээк бала Садыр Жапаров менен жолуккан.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18