12:54, 28 сентября 2023, 24.kg

Ташкентте электромобилдер турган кампада катуу жарылуу болду

Ташкенттеги кампалардын биринде катуу жарылуудан улам өрт чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Telegram-каналында билдирди.

«Бүгүн саат 2:43тө ӨКМдин нөөмөт бөлүмүнө Ташкенттин Сергели районундагы «Строитель» аймагында жайгашкан кампалардын биринде жарылуу болуп, андан кийин өрт чыкканы тууралуу билдирүү келди», — деп айтылат маалыматта.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги жабыркагандар бар экенин кошумчалады. Алар республикалык медициналык тез жардам илимий борборуна жана анын Ташкент облусундагы филиалына жаткырылды. Бирок олуттуу жаракаттары жок. Жабыркагандардын саны тактала элек.

ӨКМден белгилешкендей, социалдык тармактарда жардыруу авиакырсыкка байланыштуу деген жалган маалыматтар жайылууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18