16:45, 27 сентября 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Германияда өтө турган «ФРГ — Борбор Азия» саммитине барат

Президент Садыр Жапаров Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен «ФРГ — Борбор Азия» саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Иш-чара 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтөт.

«Мамлекет башчысы Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда», — деп айтты Муратбек Азымбакиев.

Мындан тышкары, сапардын алкагында президенттин Борбор Азия лидерлеринин Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле «Германия экономикасынын Чыгыш комитети» герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу күтүлүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18