15:06, 27 сентября 2023, 24.kg

Көмүр менен жылытылган үйдөн бир сезондо 130 килограммдай булгоочу заттар чыгат

Көмүр менен жылытылган бир үйдөн сезон ичинде 130 килограммга жакын булгоочу заттар чыгат. Мындай маалыматтарды брифингде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин «Бишкек — Аламедин» аймактык башкармалыгынын башчысы Нурлан Шаршеев келтирди.

Нурлан Шаршеев бул мекеменин расмий маалыматтары эмес, өзүнүн эсептөөлөрү экенин белгиледи.

«Орточо алганда үйдү жылытуу үчүн бир сезондо 3 тоннага жакын көмүр керектелет. «Б» маркасындагы бир тонна көмүрдөн 0,043 тонна (43 килограмм) булгоочу заттар пайда болот. Бул бир сезондо 129 килограммды түзөт», — деди ал.

Жакынкы мезгилде 28 миңден ашуун үй курулуштарын газга өткөрүү пландалууда, бул абага зыяндуу заттардын көлөмүн дээрлик 3,6 миң тоннага кыскартат.

Нурлан Шаршеев

Ошол эле учурда, ал газга кошулган аймактардагы үй ээлеринин бардыгы эле газ менен жылытууга өтпөрүн билдирди. Мунун себеби — жабдуулардын баасы. «Бул социалдык аялуу катмар үчүн кыйын. Бул багытта жеңилдетилген насыя берүү сунушталды. Аянты 150 чарчы метрге чейинки үйлөр үчүн 8 пайыз менен, бул аянттан чоңурак үйлөр үчүн 12 пайыз менен. Азыр документ министрлер кабинетине кол коюуга жиберилди», — деди ал.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18