09:33, 27 сентября 2023, 24.kg

Владимир Путин 15-октябрда Бишкекке келет

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга 15-октябрда келет. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сапар тууралуу маалыматты ырастады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Путин Беларус президенти Александр Лукашенко менен да эки тараптуу жолугушуу өткөрөт.

Мурдараак Беларустун президенти Александр Лукашенко дүйшөмбү күнү Путин менен телефондо сүйлөшкөнүн, 15-октябрда ал Кыргызстанда Путин менен жолугушууну пландап жатаканын кабарлаган.

«Биз президенттин мындай сапары пландалып жатканын жана ал жерде жолугушуу пландалганын тастыктай алабыз», — деди Песков.

Путин Кыргызстанга келери май айында эле белгилүү болгон. Анда аны президент Садыр Жапаров чакырган. Бирок сапардын датасы белгисиз болгон.

Октябрь айынын ортосунда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн саммити өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18