15:54, 25 сентября 2023, 24.kg

Автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүрүүгө уруксат берилет

Бишкекте автоунааларга коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкеде жүрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Улан Уезбаев билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар бөлүнгөн тилкеде саат 20.00дөн 7.00гө чейин жүрө алышат.

«Азыр биз тиешелүү жол белгилерине буйрутма бердик. Алар орнотулгандан кийин айдоочулар ал жакта жүрө алышат», — деди Улан Уезбаев.

Мындан тышкары, кийинки жумадан баштап Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүндө коомдук транспорт үчүн тилке жасала баштайт.

«Биз азыр тыгын болбошу үчүн анализ жүргүзүп жатабыз», — деп белгиледи департаменттин башчысынын орун басары.

Мындай сызыктар үч тилке чийүүгө мүмкүн болгон жолдордо болот: экөө жалпы транспорт үчүн жана бирөө коомдук үчүн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18