12:47, 25 сентября 2023, 24.kg

Сокулук районунда үч баласын сатып жиберген келин кармалды

Сокулук районунда келин кичинекей балдарын сатып жиберген. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Сокулук айылынын тургуну А.А. арыз менен кайрылып, балдарын көрсөтпөй жаткан мурунку жубайына карата чара көрүүнү суранган.

«Д. Н. аттуу жаран 2021-жылдын 7-мартында Д.Д. аттуу кызын төрөп, Москва районунун тургунуна сатып жиберген. 2022-жылы 28-апрелде К.Т. аттуу уул төрөп, К. жаранына, ал эми 2023-жылдын 16-мартында төрөлгөн кызын М. аттуу жаранга саткан», — деп айтылат маалыматта.

Келин күйөөсү үй-бүлөдөн кеткенден кийин балдарын сата баштаганы аныкталган.

Аталган факт боюнча Сокулук райондук ИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерлери келинди кармашкан. Ал убактылууу кармоо жайына киргизилген. Ага карата камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалды.

Үч бала тең табылып, тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18