11:58, 25 сентября 2023, 24.kg

БШК Кубанычбек Самаковду Жогорку Кеңештин депутаты деп каттады

БШК Кубанычбек Самаковду Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты деп каттады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Кубанычбек Самаковго депутаттын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылды.

Боршайкомдун маалыматы боюнча, добуш берүү күнүнө чейин жана андан кийин келип түшкөн мыйзам бузуулар боюнча бардык 32 арыз каралды. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, «добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына таасир тийгизген мыйзам бузуулар жөнүндө каралбаган материалдар жок».

БШК 20-сентябрда Ленин районунун бир мандаттуу округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарган. Шайлоо өттү деп таанылган. Бир дагы участоктун жыйынтыгы жокко чыгарылган жок.

Көпчүлүк добушка парламенттин экс-депутаты Карганбек Самаковдун уулу ээ болгон. Ага шайлоочулардын 26,14 пайызы добуш берген. Алмаз Аскар уулу 13,04 пайыз, Жамалбек Ырсалиев 8,7 пайыз, Русланбек Тагаев 18,99 пайыз добуш алышкан.

Жарандардын 2,83 пайызы баарына каршы добуш берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18