11:19, 25 сентября 2023, 24.kg

Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын башкы дарыгери кызматынан бошотулду

Токтобай Маанаев Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи дайындалганга чейин башкы дарыгердин милдетин аткаруу Улуттук госпиталдын башчысынын орун басары Улукбек Кулукеевге жүктөлдү.

Эске салсак, 2023-жылдын 22-сентябрындагы буйруктун негизинде Бакыт Төлөгөнов медициналык мекеменин башкы дарыгери кызматынан бошотулуп, анын ордуна Токтобай Маанаев дайындалган. Ал кызматта бир нече күн иштеген, андан кийин саламаттыкты сактоо министрлиги өз чечимин жокко чыгарган.

Буга чейин Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаевге карата кылмыш иши козголгону маалымдалган. УКМКнын маалыматы боюнча, медициналык мекемеде коррупциялык схемалар аныкталган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18