09:28, 25 сентября 2023, 24.kg

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты: Кыргызстан командалык эсепте үчүнчү болду

Белградда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчулар беш медаль алышты. Кыргызстан командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков алтын медаль тагынышты.

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болду. Мындай жыйынтыкка Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жетишилди.

Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков дүйнөнүн эки жолку чемпиону болушту.

Ошондой эле Айпери Медет кызы күмүш, Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль алды.

Кыргызстандын капчыгында Париж Олимпиадасына азырынча беш лицензия бар. Эми Айпери Медет кызы жана Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү) үчүн башкы спорттук сезон башталат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18