16:15, 21 сентября 2023, 24.kg

Балыкчыда компьютердик тамография борбору ачылды

Балыкчыда компьютердик тамография борбору ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жабдуу жалпы дарыгерлик практика борборунда орнотулган.

Балыкчы шаардык ЖДПБнын башкы дарыгеринин орун басары Асыл Адылбекова буга чейин шаарда компьютердик томография жок болгондуктан, бейтаптар Бишкекке же Караколго барууга аргасыз болушканын билдирди.

«Балыкчы шаарына жакын жайгашкан айылдардын тургундары, анын ичинде Чүй жана Нарын облустарынын тургундары компьютердик томография борборунун кызматы менен пайдалана алышат. 2023-жылдын башынан бери бизге 20 миңден ашуун бейтап кайрылды», — деди ал.

Ошондой эле долбоордун алкагында Өзгөн, Токтогул жана Кадамжай райондоруна да компьютердик томография орнотулат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18