11:28, 21 сентября 2023, 24.kg

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты. Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды

Белградда күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.

76 килограммга чейинки салмак категориясындагы финалда кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы жаракат алып, япониялык спортчу Юка Кагамиге утулуп калды.

Ал буга чейин Румыния, Беларусия, Канада жана Колумбиядан келген спортчулар меенен күрөшүп, жеңишке жеткен.

Эске салсак, Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Дагы бир кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова бүгүн алтын байге үчүн күрөшөт. Мээрим Жуманазарова жаракат алып, турнирден четтетилди.

Мындан тышкары, буга чейин 61 килограммга чейинки салмакта Тайырбек Жумабек уулу эркин күрөш боюнча мелдеште коло медаль тагынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18