16:20, 20 сентября 2023, 24.kg

Жаран мурунку аялынын бетин жана моюнун кескилеп салган

Чүй облусунун Селекция айылында мурунку күйөөсү аялдын бетин жана моюнун кескилеп салган. Саламаттык сактоо министрлиги жабырлануучунун абалы боюнча 24.kg агенттигине комментарий берди.

Мекеменин маалыматына ылайык, бейтап бүгүн саат 11.00дө жалпы дарыгердик практика борборунан Улуттук госпиталга которулду. Ага «беттин жана моюндун кесилген жаралары» диагнозу коюлган.

«Саат 11:30да бейтап хирургдар жана микрохирургдар катышкан операцияга алынган. Азыр операция уланууда, дарыгерлер жабырлануучунун органдарын сактап калуу үчүн бардыгын жасап жатышат. Бейтаптын операциядан кийинки абалы боюнча кошумча маалымат берилет», — деп белгилешти министрликтен.

Photo 308596

Милицияга 20-сентябрда билдирүү түшкөн. Анда 36 жаштагы аял бычактан жаракат алып ооруканага түшкөнү кабарланган. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «ден соолукка оор залал келтирүү» боюнча катталып, кылмыш иши козголду. Аталаган факт боюнча 39 жаштагы эркек киши кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө уланууда.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18