15:00, 20 сентября 2023, 24.kg

Дүйнөгө белгилүү балерина кыргызстандык артисттер үчүн мастер-класс өткөрөт

Италиялык легендарлуу балерина Лилиана Кози 22-23-сентябрда Бишкекке келет. Бул тууралуу Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынан билдиришти.

Уюштуруучулардын бири Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев. Ал таланттуу бийчи Чолпонбек Базарбаевдин уулу. Чолпонбек Базарбаев 1977-жылы советтик искусство чеберлеринин Италиядагы көрсөтүүсүнө катышып, "Лебединое озеро"спектаклинде Лилиана Кози менен дуэт жараткан.

Лилиана Кози атактуу "Ла Скала" театрында прима-балерина болгон. Азыр ал Италиянын «Классикалык Кози — Стефанеску балети» бий академиясынын негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси.

Лилиана Кози Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет труппасы үчүн мастер-класс өткөрөт, анын жыйынтыгында Италиядагы балет академиясында акысыз билим алуу үчүн бийчилерди тандап алат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18