17:34, 19 сентября 2023, 24.kg

Бакыт Төрөбаев ундун баасынын көтөрүлүшүн түшүндүрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, мунай ташуучулар жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ал учурда республикада буудайдын тартыштыгы жок экенин, Казакстандан келген ундун гана баасы өскөнүн билдирди. Буга Кыргызстанга дан жүктөрү ташылып келүүчү темир жолдордогу сезондук тыгын себеп болгон.

«Эгерде буудайдын чыныгы тартыштыгы менен байланыштуу экенин байкасак, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканалары үчүн керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө республикага контрабандалык продукцияны, анын ичинде унду ташып келүү маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаев сезондук айыл чарба жарманкелерин өткөрүү, социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүү, ошондой эле күйүүчү, майлоочу майдын индикативдик балансынын өлчөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмаларын берди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18