16:30, 19 сентября 2023, 24.kg

Чек ара жаңжалында жаракат алган ефрейторго батир берилди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында Тажикстандын кол салуусу учурунда жаракат алган ефрейтор Дастан Шариповго Бишкектеги үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Дастан Шарипов кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда минометтун жарылышынан оң бутунан жаракат алып, сол буту күйгөн. Чек арачы уулун тарбиялап, ата-энеси менен жашайт.

Атайын кызматтын төрагасы Дастан Шариповдун ата-энесине көрсткөн эрдиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Photo 308483

Белгилей кетсек, июнь айында депутат Камила Талиева чек арадагы чыр-чатак учурунда жаракат алган ефрейтор Дастан Шарипов майыптыгын каттай албай жатканын билдирген.

Эске салсак, былтыр 16-сентябрда Тажикстан Кыргызстанга басып киргенде 206 адам жабыркап, 63 адам каза болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18