10:05, 19 сентября 2023, 24.kg

Садыр Жапаров Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту

Өлкө башчысы Садыр Жапаров Финляндиянын президенти Саули Ниинистё менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Садыр Жапаров кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттарында кыргыз-фин мамилелерин өнүктүрүүгө басым жасап, биргелешкен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров Финляндияга жашыл энергетика тармагында кызматташууну жолго салууну сунуштады.

Финляндиянын президенти Саули Ниинистё өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө даярдыгын ырастады. Ал эки өлкө ортосундагы экономикалык жана ишкер мамилелерди өнүктүрүү максатында Кыргызстан менен кызматташууну күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Өлкө лидерлери аймактык жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча да пикир алмашты. Тараптар эки өлкөнүн географиялык алыстыгына карабастан, Кыргызстан менен Финляндиянын мындан аркы кызматташуусу үчүн байланыштарды активдештирүүгө даярдыгын белгилешти», — деп айтылат маалыматта.

Photo 308432

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18