10:03, 18 сентября 2023, 24.kg

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль тагынды

16-сентябрда Белградда эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалды.

61 килограммга чейинки салмак категориясында Тайырбек Жумашбек уулу коло медаль тагынды.

Кыргызстандык мушкер Азербайжандын, Түркиянын балбандарын жеңип, жарым финалда америкалык спортчуга утулуп калды.

Коло медаль үчүн таймашта ал Япониянын өкүлү менен күч сынашып, жеңишке ээ болду.

Бешинчи орунду кыргызстандык Эрназар Акматалиев ээледи. Коло үчүн күрөштө ал Болгариянын өкүлүнө утулуп калган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18