09:30, 18 сентября 2023, 24.kg

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, бир кыргызстандык ооруканага түштү

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап түштү. Анын бортунда төрт адам болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жарандары экенин NTV түрк телеканалы билдирди.

Өзгөчө кырдаал 16-сентябрда болжол менен саат 23:53тө болгон. Измир аймагында жайгашкан суу сактагычка өрт өчүрүүчү тик учак кулап түшкөн.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун маалыматы боюнча, тик учак токой өртүн өчүрүп жаткан.

Түркиянын Айыл чарба министрлигинин башчысы Ибрагим Юмаклы тик учак Тахталы дамбасында суу алып жатканда кулап түшкөнүн билдирди.

Бир кыргызстандык ооруканада жатат, калганын издөө иштери уланууда.

Жергиликтүү маалымат каражаттары ооруканада жаткан кыргызстандык экинчи учкуч экенин жазып чыгышты. Анын абалы оор.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18