16:42, 15 сентября 2023, 24.kg

Алымкадыр Бейшеналиев өнөктөштүк төрөт токтотулганын билдирди

«Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өнөктөштүк төрөт токтогулганын билдирди.

Жыйында депутат Надира Нарматова эркектерди төрөткө киргизбөө керектигин айтты.

«Бул протоколду алып салыш керек жана эркектердин төрөткө катышуусуна тыюу салыш керек. Мындан улам кесарево дагы көбөйүүдө», — деп нааразы болду ал.

Министр эски системага кайтып келишкенин жана өнөктөштүк төрөт токтотулганын айтты.

Ал эми өнөктөштүк төрөттөр жоюлган эместигин, COVID-19 пандемиясынан кийин убактылуу гана токтотулганын 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Адистердин айтымында, бул эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу.

«Бизде бирде коронавирус, бирде сасык тумоо, кызамык оорулары чыгып жатат. Процесс кайсы мезгилге чейин токтотулгандыгы боюнча так убакыт жок. Бирок жеке төрөт үйлөрүндө өнөктөштүк төрөттөр кээде болот», — деп билдиришти мекемеден.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18