09:34, 15 сентября 2023, 24.kg

«Тулпар». Бишкекте жол киренин накталай эмес төлөм көрсөткүчү беш эсеге өстү

Бишкекте муниципалдык коомдук транспортто накталай эмес төлөм киргизилгенден бери карта менен төлөө беш эсе өстү. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине «Тулпар» долбоорунун маалымат каражаттары менен иштөө боюнча адиси Бекжан Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, 20-августка чейин орточо эсеп менен 20-25 миң накталай эмес төлөм аракеттери катталган. Азыр бул көрсөткүч күнүнө 105-110 миңди түзөт.

Эскерте кетсек, 20-августтан тарта борбор калаада муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн накталай акча төлөөгө тыюу салынган. Мэрия айдоочуларды жол кирени накталай акча менен алса жумуштан кетирерин эскерткен.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18