09:23, 15 сентября 2023, 24.kg

Ливияда сел курмандыктары 20 миңге жетиши мүмкүн

Ливияда селде курман болгондордун саны 18-20 миңге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Дерна шаарынын мэри Абдулменам ал Гайти билдирди.

 
Калаа башчысы мындай божомолду сел жууп кеткен жерлердин масштабына салыштырып айтканын Reuters агенттиги 14-сентябрда жазды.

Ал эми AP агенттиги Ливия өкмөтүнө таянуу менен 5500 адамдын өлүмү тастыкталганын, дагы 9000 чамалуу киши дайынсыз экенин билдирди.

7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 10-сентябрга караган түнү Жер Ортолук деңизи тараптан каптаган «Дэниел» бороонунан Ливиянын чыгышы өзгөчө жабыркады. Күбөлөрдүн белгилешинче, суунун агымы эки дамбаны бузуп кеткен. Табият кырсыгы 125 миң калкы бар Дерна шаарынын төрттөн бир бөлүгүн жарактан чыгарды.

Египет, Алжир, Палестина, Түркия, Кувейт, Катар, Италия жана АКШ Ливияга материалдык-каржылык жардам көрсөтүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18