15:48, 14 сентября 2023, 24.kg

2024-жылы «Каркыра» бекетине текшерүү техникасы коюлат

2024-жылы «Каркыра» көзөмөл-өткөрүү бекетине жарандарды текшерүү үчүн техника коюлат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, келерки жылы үч өткөрүү пункту толук реконструкцияланат. «Каркырада» жаңы пункт курулат.

«Толук реконструкциядан өткөн бекеттер жаңы техникалар, анын ичинде жүктөрдү жана кол буюмдарын контактсыз текшерүүчү жабдуулар менен камсыздалат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда «Каркыра» бекетинде тартылган видео тараган. Анда чек ара кызматкерлери чемодандарды кол менен текшерип жатканын көрүүгө болот.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18