09:44, 14 сентября 2023, 24.kg

Бишкекте 130 миңден ашык «Тулпар» картасы сатылды

20-августтан баштап сатуу түйүндөрү, автобустар жана троллейбустар боюнча 130 миңден ашык көк стандарт «Тулпар» карталары бөлүштүрүлгөн. Бул тууралуу 24.kg агенттигине «Тулпар» долбоорунун маалымат каражаттары менен иштешүү боюнча адиси Бекжан Акматбеков билдирди.

Ал муниципалдык коомдук транспортто накталай эмес жол кирени киргизүүнүн алгачкы күндөрүндө карталардын жетишсиздигинен улам көйгөйлөр болгонун эске салды. «Тулпар» күн сайын 5 миң карта чыгарган жергиликтүү компания менен иштеше баштады.

«Мындан тышкары, биз карталардын эки чоң партиясына буйрутма бердик. Биринчи 150 миң карта сентябрдын аягына чейин келет. Экинчи партия 200 миң карта. Аларды жеткирүү мөөнөтү биринчи партия келгенден кийин талкууланат», — деди Бекжан Акматбеков.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө «Тулпар» мектеп карталары үчүн 10 миңден ашуун буйрутма келип түшкөнүн айтты. Азыр алар адистер тарабынан иштелип жатат. Мындай картаны даярдоо убактысы 10 жумушчу күндү түзөт.

Эскерте кетсек, 20-августтан тарта борбор калаада муниципалдык коомдук транспортто жүрүү үчүн накталай акча төлөөгө тыюу салынган. Мэрия жол кирени накталай алган айдоочуларды жумуштан кетирерин эскерткен. Бирок шаардыктар коомдук транспортто жол кирени накталай алуу фактылары болуп жатканы тууралуу билдиришүүдө.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18