15:34, 13 сентября 2023, 24.kg

Шаардык сот журналист Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бишкек шаардык соту журналист Олжобай Шакирдин кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү тууралуу адвокаттарынын даттануусун карады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине адвокат Бакыт Автандил уулу билдирди.

Анын айтымында, экинчи инстанция Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Журналисттин кармалышы мыйзамдуу деп табылды.

Эске салсак, журналист Олжабай Шакирди 23-августта УКМКнын кызматкерлери кармап кетишкен. Ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине активдүү баш ийбөөгө чакыруу, массалык башаламандык жана бийликти басып алууга аракет жасаган деп айыпталууда.

Буга чейин Олжобай Шакир жарандарды митингге чыгууга чакырган. Ал 31-августта нааразылык акциясын уюштурууну демилгелеп жаткан. Журналист Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы экенин билдирген.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18