12:37, 13 сентября 2023, 24.kg

Уурулукка шектүү жаран кармалды. Ал мурда өзү иштеген кафени тоноп кеткен

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Ал кафенин кассасынан 11 миң сом акчаны уурдап, белгисиз тарапка качып кеткен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя 21 августтан 22-августка караган түнү болгон. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармалган жаран мурда бул кафеде иштегени жана өзүндө калган ачкычты колдонуп, ичине киргени аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18