11:40, 13 сентября 2023, 24.kg

Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады

Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады.

Ал өз дарегине айтылган сын-пикирлерди кабыл аларын билдирди.

«Менин Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына шек келтирүүгө каалоом да, укугум да болгон эмес. Өзүңүздөр билесиздер, мен ар дайым демократия, ачык бийлик, элдик көзөмөл жана бийлик бутактарынын конструктивдүү, гармониялуу иштеши үчүн күрөшүп келгем. Расмий түрдө кечирим сурайм. Буга чейин маалымат каражаттары аркылуу да кечирим сурагам. Биз ишти конструктивдүү улантабыз деп ишенем», — деди чиновник.

Спикер Нурланбек Шакиев Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен парламенттен кечирим сураганын билдирди.

«Жолугушууга мамлекет башчысы, министрлер кабинетинин төрагасы, фракция лидерлери жана вице-спикерлер катышты. Президент Эдил Байсалов расмий түрдө кечирим сурап, мындан ары мындай каталарга жол бербей турганын айтты. Ага акыркы эскертүү берилди. Эгер кайталанса, биз кескин чараларды көрөбүз», — деди төрага.

Белгилей кетсек, акыркы мезгилде министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун ишине депутаттар көп нааразы боло баштаган. Эл өкүлү Шайлообек Атазов Байсаловдун ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктай турган жумушчу топ түзүүнү да сунуштап, кызматтан кетишин талап кылган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18