09:46, 13 сентября 2023, 24.kg

Кыргызстан алтындын экспортун көбөйтүүдө

2023-жылдын январь — июль айларында Кыргызстан 7,4 тонна алтынды 463,5 миллион долларга экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында көрсөтүлгөн.

Бир айдын ичинде эле көрсөткүч 1,5 эсеге же 2,6 тоннага өскөн. 2022-жылы ушул эле убакыт аралыгында 64,4 килограмм гана алтын 609,6 миң долларга сатылган.

Учурдагы алтындын экпорту боюнча көрсөткүчтөр 2022-жылга салыштырмалуу 115 эсе көп.

Баалуу металл экспортунун негизги көлөмү Швейцарияга болгон. Бул өлкөгө 5,9 тонна алтын 374,9 миллион долларга жеткирилген. Биринчи жарым жылдыкта бул көрсөткүч 3,9 тоннаны түзгөн.

Ошондо бир ай ичинде Кыргызстан Швейцарияга 2 тонна алтын саткан.

Мындан тышкары, республика Гонконгго 983,3 килограмм баалуу металлды 60 миллион долларга жана Бириккен Араб Эмираттарына 450,6 килограммды 28,5 миллион долларга жеткирген.

2022-жылы жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча алтындын бардык көлөмү Түркияга экспорттолгон. Быйыл бул өлкөгө алтын сатылган эмес.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18