13:27, 11 сентября 2023, 24.kg

Жогорку сот Болот Темировдун иши боюнча эртең акыркы чечимин чыгарат

Жогорку сотто журналист Болот Темировго карата козголгон кылмыш иши карала баштады. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине адвокат Бакыт Автандил билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө прокурор мурда чыгарылган өкүмдөрдү күчүндө калтырууну суранган. Мамлекеттик айыптоочу аларды мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептейт.

«Болот Темировдун адвокаттары Свердлов райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгарууну жана журналисттин аракеттеринде кылмыш курамы жок деп актоо өкүмүн чыгарууну суранышууда. Ошондой эле Темировду Кыргызстандын жараны деп таанууну суранабыз. Сот акыркы чечимди эртең чыгарат», — деди Бакыт Автандил.

Болот Темиров өзү да социалдык тармактарда сот ишти дагы изилдөө үчүн эртеңкиге чейин убакыт сураганын жазды.

Эске салсак, 2022-жылдын 23-ноябрында журналист Болот Темиров соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылган. Өкүм жарыялангандан кийин дароо укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коштоосунда аэропортко жеткиришип, учак менен Орусияга жөнөтүшкөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18