12:53, 11 сентября 2023, 24.kg

Лондондо биринчи жолу кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү

Лондондо биринчи жолу кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өттү. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине уюштуруучулардын өкүлү Адмир Курман билдирди.

Ал Улуу Британиядагы көргөзмөлөр биздин сүрөтчүлөргө дүйнөлүк искусство рыногунун толук кандуу катышуучулары болууга жакшы мүмкүнчүлүк берерин айтты.

Заманбап кыргыз живописинин чеберлеринин жана жаш сүрөтчүлөрүнүн эмгектери белгилүү түрк акыны акыны Юнус Эмре атындагы институтта көрсөтүлдү. Анда Азиз Сулайманов, Садык Мурзаханов, Арстан Дукуев, Залкар Токтогулов, Элдияр Шаршембиевдин сүрөттөрү коюлган.

Бул сүрөттөр заманбап импрессионизм, турмуштук жана пейзаж жанрынын стилинде аткарылган.

Көргөзмөнүн куратору Гүлсара Акматова-Дэвис мындай иш-чара Лондондо биринчи жолу өткөрүлүп жатканын белгиледи. Ал келечектеги мындай арт-долбоорлор үчүн жакшы башталыш болот деп үмүттөнөт, анткени Кыргызстан таланттарга бай өлкө.

"Сүрөтчүлөр Англияда өз эмгектерин жайылтууга муктаж, ал жерде көптөгөн көркөм галереялар биздин мекендештерибиздин эмгектерин сатып алып жатышат. Алсак, Азиз Сулаймановдун эмгектери Лондондун тогуз галереясында көрсөтүлгөн",-деп белгиледи ал.

Көргөзмө Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18