12:54, 08 сентября 2023, 24.kg

Кайра шайлоо. БШКга пенсияны көтөрүүгө убада берген талапкерге арыз түштү

Боршайкомго депутаттыкка талапкер Ыргал Кадыралиевага даттануу түштү. Ал Ленин районунун тургундарына эл өкүлү болуп шайланып калса, пенсияны эң аз 12 миң сом кылууга убада берген.

Арыз ээси бул шайлоо мыйзамдарын бузат жана аны добуш сатып алуу аракети катары кароого болот деп эсептейт. БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобу материалдарды кароо жана укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөттү.

Ленин бир мандаттуу округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Буга чейин БШК Ленин району боюнча 28-майда өткөн мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, Дамира Ниязалиевага берилген добуштар жокко чыгарылган. Ал шайлоодо добуштардын 35,86 пайызын алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18