10:41, 08 сентября 2023, 24.kg

Валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда

Ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу КР Улуттук банктын 2023-жылдын II чейреги үчүн акча-кредит саясаты жөнүндө отчетунда айтылат.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын экономикасына тике жана кыйыр таасирин тийгизген тышкы экономикалык шарттар дагы эле белгисиздик факторунун таасиринде калууда. Бирок, буга карабастан, жалпысынан өлкөдө инфляциялык фон акырындык менен басаңдоодо. Буга акча-кредит саясатынын жүргүзүлүп жаткан чаралары шарт түзгөн.

«Белгилүү болгондой, инфляциялык тобокелдиктерди эске алуу менен, 2022-жылы Улуттук банк инфляцияны 5-7% деңгээлиндеги орто мөөнөттүү максаттуу көрсөткүчүнө жеткирүүгө багытталган тиешелүү акча-кредит саясатын жүргүзө баштаган. Инфляциянын монетардык факторун чектөө үчүн Улуттук банк банк тутумундагы үстөк ликвиддүүлүктү стерилизациялоо операцияларын жигердүү күчөткөн», — деп айтылат маалыматта.

Акча-кредит саясаты жөнүндө отчетто көрсөтүлгөндөй, Улуттук банк тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында акча жана валюта рынокторунда абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калган. Акча рыногунун бардык сегменттеринде кыска мөөнөттүү чендер негизги ченге жакын болгон.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18