10:07, 08 сентября 2023, 24.kg

Сирияда өзбек согушкерлеринин лидерлеринин бири каза болду

Сириядагы согуштук аракеттердин жүрүшүндө "Катибат аль-Имам аль-Бухари" эл аралык террордук уюмунун негиздөөчүсү эсептелген өзбекстандык Улугбек Бобомуродов каза болду. Бул тууралуу Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Расмий маалыматка караганда, 51 жаштагы Бобомуродов 2009-2010-жылдары Термез шаарында жихадчылар жамаатын уюштуруп, аны жетектеген. 2011-жылы бул топтун мүчөлөрүнүн көбү камалган. Ал кезде Орусияда жашаган Бобомуродов жана топтун бир нече мүчөсү Түркияга качып кетип, андан ары Сирияга өтүшкөн.

Өзбек милициясы Улугбек Бобомуродов 2013-жылы Сирияда "Катибат аль-Имам аль-Бухари" террордук уюмун негиздегенин белгилейт. Ошол жылы ага Кылмыш-жаза кодексинин "Диний-экстремисттик, сепаратисттик, фундаменталдык же башка тыюу салынган уюмдарды түзүү, аларга жетекчилик кылуу, катышуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

2018-жылы АКШ Сириядагы өзбек согушкерлеринен турган "Катибат аль-Имам аль-Бухари" тобун "дүйнөлүк террористтердин кара тизмесине" киргизген. Бул топту Кыргызстанда сот 2015-жылы экстремисттик деп таап, ишмердигине тыюу салынган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18