09:27, 07 сентября 2023, 24.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги абактагыларды аскердик каттоого алууну сунуштады

Орусиянын Коргоо министрлиги абактагыларды аскердик каттоого алууну сунуштады. Каттоого алуу жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору укуктук актылардын расмий порталында жарыяланды.

Ага ылайык, жабык жайларда жазасын өтөп жаткан жарандар аскер комиссариатына келбестен, атайын тартипте — түз эле абакта же колонияда каттоого турат.

Аскерде кызмат өтөөгө милдеттүүлөрдүн тизмелерин түрмөлөр жана колониялар түзөт.

Аскердик каттоого алуу боюнча азыр иштеп жаткан жободо жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар каттоого алынбайт деп жазылган. Коргоо министрлиги дал ушул пунктту жокко чыгарууну сунуштап жатат.

Июнь айында Мамлекеттик Дума эки окууда абактагыларды аскердик кызматка чакырууну жөнгө салуучу жана жеңил, орто, оор жаза алгандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотууну караган эки мыйзам долбоорун кабыл алган.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18