13:24, 06 сентября 2023, 24.kg

Билим берүү министри окуу китептеринин жетишсиздиги качан чечилерин айтты

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев журналисттерге окуу китептери менен камсыздоо маселеси качан чечилерин айтты.

Анын айтымында, 2022-жылы мектептер 123 миң, ал эми 2023-жылы дээрлик 10 эсе көп — 1 миллион 278 миң окуу китептерин алышкан.

Мекеменин китеп чыгаруу сектору 24.kg агенттигине учурда китептер басылып жатканын, сентябрь айынын аягында мектептерге тапшырыларын билдирди.

Кудай буюрса, жарым же бир жылда биз санариптик билим берүү платформасына толук өтүү маселесин чечебиз, ошондо окуу китептеринин тартыштыгы жоюлат

Каныбек Имналиев

«Окуу китептериндеги көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз жылына бюджеттен 5 миллиард сомдон ашык каражат алышыбыз керек. Бул мүмкүн эмес, учурдагы чыгымдарга 34 миллион сом ала албай жатабыз», — дейт ал.

Белгилей кетсек, кыргызстандыктар жыл сайын окуу китептеринин жоктугуна же сапатсыздыгына даттанышат. Көптөр өз эсебинен китеп сатып алууга аргасыз болушат.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18