13:40, 05 сентября 2023, 24.kg

Автобустарда жол кире 20-22 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Бишкек шаарынын мэриясы коомдук танспорттордогу кол кирени 20-22 сомго көтөрүүнү сунуштап жатат. 24.kg агенттигине маалыматты вице-мэр Максатбек Сазыкулов тастыктады.

Анын айтымында, мэрия бул баага ыңгайлуу, өз убагында жүрө турган жана жетиштүү коомдук транспортту камсыздашы керек. Экологиялык жактан таза, жаңы жана чоң сыйымдуулуктагы автобустар жөнүндө соз болуп жатат. Азыркы учурда линияга 100 жаңы автобус чыкты, дагы 100 автобус жакын арада чыгарылат. Жылдын аягына чейин 800 жаңы автобус келип, шаар боюнча каттай баштайт.

«Дизель майынын баасы литрине 56 сом болгондо, бир жүргүнчүнү ташуунун баасы 18,7 сомду түзгөн. Азыр андан дагы жогору. Газ кымбаттады. Мурда ал 19,21 сом болсо, азыр дээрлик 30 сом турат. Электр энергиясы да кымбат, тетиктер дагы кымбаттап жатат. Тариф эң аз дегенде 20 сом болот. Азыр биз тарифтердин көтөрүлүшү жөнүндө эмес, өздүк наркка карата теңдөө жөнүндө сөз кылып жатабыз. Тарифтер жок дегенде чыгымдарды жабышы керек. Эгер андай кылбаса, эки жылдан кийин кайрадан эски автопарк жана транспорттук кыйроо болот», — деди Максатбек Сазыкулов.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18