16:15, 04 сентября 2023, 24.kg

Корея Кыргызстанга гранттык негизде техника жана автоунаа берет

Бишкек шаарынын мэриясы менен Корея элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Документке борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Кыргызстандагы Корея Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Ли Вонджэ кол коюшту.

Долбоорго ылайык, Корея Кыргызстанга кайтарымсыз негизде техникалык жабдууларды жана автоунаа берет.

Мэр шаарлар аралык кызматташтыкты тереңдетүүнүн, Кореянын «KOICA» эл аралык кызматташуу агенттиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана мындан ары да эки тараптуу жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18